Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Нарында 24 айыл таза сууга муктаж


Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди. Анын айтуусунда, облустагы 135 айылдын 83ү таза суу менен камсыз болгон. Ал эми 28 айылдын көчөлөрүндө таза суу чыкканы менен, ар бир үйгө суу киргизүү аракети болуп жатат.

-Таза суу чыкпаган 24 айылдын айыл өкмөт башчыларына, акимдерге тапшырмалар берилди. Мамлекеттик бюджеттен да карап жатабыз. Жакынкы бир-эки жылда бардык 135 айыл таза суу менен камсыз болушу керек.

Маалыматка караганда, эскилиги жеткен түтүктөрдү алмаштыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 6,2 миллион евро бөлөт. Анын 4,2 миллион евросу грант, калган акча каражат насыя түрүндө бөлүнөт. Гранттын 1 миллион евросу техникалык жабдуу түрүндө берилип, алмаштыруу иштери быйыл башталат. (MiK)

XS
SM
MD
LG