Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

“Яблоко” партиясынын өкүлү Кадыровго каршы пикет үчүн жазаланды


Сергей Митрохин
Сергей Митрохин

Орусияда “Яблоко” партиясынын саясий комитетинин өкүлү Сергей Митрохин Чеченстан президенти Рамзан Кадыровго каршы пикетке чыкканы үчүн 10 миң рубль айып төлөмөй болду. Бул тууралуу 2-мартта “Азаттык” радиосунун орус кызматы аталган партиянын расмий сайтына таянып билдирүү таратты.

Митрохин 26-январда Орусия президентинин администрациясы жайгашкан аймакта Кадыровдун отставкасын талап кылып пикет өткөрүп турганда кармалган. Сот аны “нааразылык акциясын өткөрүү эрежелерин бузганы үчүн” күнөөлүү деп тапты.

Сергей Митрохин менен кошо “Яблоко” партиясынын активисттери Антон Антонов-Овсеенко жана Станислав Белянский да кармалган.

Рамзан Кадыров оппозиция өкүлдөрүн “эл душманы” атап келет. (SE)

XS
SM
MD
LG