Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Путин: Мунай казууну азайтуу боюнча сүйлөшүү соңуна чыгууда


Президент Путиндин орусиялык мунай казуучу компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусу.
Президент Путиндин орусиялык мунай казуучу компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусу.

Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн дүйнөлүк уюму (ОПЕК) өндүрүштү азайтуу тууралуу макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрүн жыйынтыктоодо. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин кечээ Москвада жергиликтүү мунай казуучу компаниялардын жетекчилери менен жолугушууда айтты. Анын белгилешинче, келишим ушул айдын соңуна чейин кабыл алынат.

- Тагыраак айтканда, Орусияда 2016-жылы мунай казууну быйылкы жылдын январындагы көрсөткүчтүн деңгээлинде кармоо сунушталууда, - деди Путин.

Өткөн айда Орусия, Сауд Арабиясы, Венесуэла жана Катар мунай баасын көтөрүү үчүн эгер башка мамлекеттер да макул болсо өндүрүш көлөмүн азайта туруу керек деп алдын ала макулдашкан болчу. Дүйнөдө чийки мунай казуу жагынан экинчи орунда турган Иран буга чейин мындай демилгеге каршы болуп келген. Орусиянын энергетика министри Александр Новактын айтымында, өндүрүштү азайтууга мунай казып алуунун 73% камсыз кылган 15 өлкө макул болду. “Андыктан Ирандын макулдугусуз деле бул иш натыйжасын берет”, деп билдирди министр. (RK)

XS
SM
MD
LG