2-мартта бир АКШ доллары базарда 71,60 сомго түштү. Бирок Улуттук банктын сайтында бир доллар 73 сом 88 тыйын деп көрсөтүлгөн. Өткөн жылдын аягында доллар 79 сомго чыгып кайра төмөндөгөн. Муну Улуттук банк кызыл кулактардын аракети деп баалаган эле.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 1-марттагы маалымат жыйында долларга суроо-талап азайгандыктан курс түшүп жатканын билдирген. (КЕ)