Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:55

Апрель соту 9-мартта уланмай болду


Бүгүн Республикалык аскер соту апрель окуясы боюнча соттолуучулар Мурат Суталинов менен Данияр Дунгановдун баш коргоо чарасын карап, аны өзгөртүүсүз калтырды. 1-марттагы териштирүү учурунда мамлекеттик айыптоочулар Суталинов менен Дунгановдун 20-25 жылга эркинен ажыратылганын негиз кылып аларды камакка алуу өтүнүчүн айткан. Соттук коллегия кеңешип алардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз жок деген чечим чыгарды.

20 жылга эркинен ажыратылган ошол кездеги УКМК башчысы Мурат Суталинов менен 25 жылга эркинен ажыратылган мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчи орун басары Данияр Дунганов ден соолугунан улам үй камагына чыгарылган.

Мамлекеттик айыптоочулар жарыш сөз үчүн убакыт сурап, келерки соттук териштирүү 9-мартта уланмай болду. (КЕ/ZKo)

XS
SM
MD
LG