29-февралда жана 1-март күнү Бишкектин Ак-Жар жаңы конушунда чаян чаккан 2 адам катталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык "тез жардам" кызматынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.
29-февралда 9 жаштагы баланы чаян чаккан, эртеси ошол эле көчөдө жашаган 35 жаштагы эркек кишини да чагып, "тез жардамга" кайрылышкан. Экөөнө тең жардам көрсөтүлүп, Бишкек шаарындагы ортопедия жана илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жеткирилген. Чаян жаңы конушка кантип, кайдан келгени азырынча белгисиз. (BCh)