Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Орусияда “Мигрант” рейди башталды


Орусиядагы кыргыз мигранттары.
Орусиядагы кыргыз мигранттары.

Орусиянын Федералдык миграция кызматы бүгүндөн тартып бир катар шаарларда “Мигрант” рейдин баштады. Анын алкагында ишкана, мекеме, турак-үйлөр текшерүүгө алынат. Мындан улам Москвада жашаган кыргызстандык жарандык активисттер элчиликтин маалыматына таянып мекендештерин этият болуп, сыртка көп чыкпоону, документтерин иреттеп, жанында алып жүрүүнү эскертишкен. Мындай маалыматтарды алар интернеттеги ар кайсы социалдык тармактар аркылуу бөлүшүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда 500 миңдей кыргызстандык бар. Бейрасмий кабарларда алардын саны 1 миллиондон ашат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG