Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:20

Апрель соту: Финансы министрлиги Бакиевден 25 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүндү


Бүгүн Финансы министрлиги Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиевден 25 миллион сом өндүрүп берүү өтүнүчүн келтирди. Министрликтин өкүлү Бакиев жана анын чөйрөсүндөгү жетекчилер өз иш-аракеттери менен мамлекетке ири суммада зыян келтиргенин белгиледи.

Бүгүн Республикалык аскер соту апрель окуясы боюнча соттолуучулар Мурат Суталинов менен Данияр Дунгановдун баш коргоо чарасын карап, аны өзгөртүүсүз калтырды. 1-марттагы териштирүү учурунда мамлекеттик айыптоочулар Суталинов менен Дунгановдун 20-25 жылга эркинен ажыратылганын негиз кылып аларды камакка алуу өтүнүчүн келтирген. Соттук коллегия алардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз жок деп тапты.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келген апаат учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиевге каршы митингге чыккан 90го жакын адам набыт кеткен. Апрель окуясы боюнча сот ошол эле жылы ноябрда башталган. 2014-жылдын 25-июлунда Бишкек гарнизонунун аскердик соту УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн бардык кызматкерлерин актаган өкүм чыгарган. Ал эми Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылса, дагы бир катар жооптуу кызматкерлер 10 жылдан 25 жылга чейин кесилген. Бирок эки тарап тең мындай өкүмгө макул болбой жогорку инстанцияга доо арыз жолдогон.

Экинчи инстанциядагы соттук териштирүү быйыл февралда кайра башталды. 9-мартта тараптар жарыш сөзгө чыгышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG