Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Ооганстандагы Индия консулдугунун жанында жардыруу болду


Ооганстандын Желалабад шаарындагы жардыруудан кийин, 2-март, 2016-жыл.
Ооганстандын Желалабад шаарындагы жардыруудан кийин, 2-март, 2016-жыл.

Бүгүн, 2-мартта Ооганстандын Желалабад шаарындагы Индия өкүлчүлүгүнө жакын жерде жардыруу, андан соң атышуу болду.

Нангархар провинциясынын губернаторунун маалымат катчысынын билдиришинче, андан кеминде беш киши жаракат алышты.

Жардырууну азырынча эч ким мойнуна ала элек. Бирок, чөлкөмдө Талибан күчтөрүнүн таасири чоң.

Индия Ооганстандагы талибдердин режимин кулатууга салым кошкон жана ири гуманитардык жардамдарды берип турган өлкө.

2008-жылы Кабулдагы Индия элчилигине жанкечти-террорчу автоунаасы менен чабуул коюп, ал жардыруудан 58 киши мерт болгон.

XS
SM
MD
LG