Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

СССРдин экс-президенти Михаил Горбачев бүгүн 85ке чыкты


Советтик лидер Михаил Горбачев, аялы Раиса Горбачева, Улуу Британиянын өкмөт башчысы Маргарет Тетчер менен. 16-декабрь, 1984-жыл.
Советтик лидер Михаил Горбачев, аялы Раиса Горбачева, Улуу Британиянын өкмөт башчысы Маргарет Тетчер менен. 16-декабрь, 1984-жыл.

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев мааракесин утурлап 29-февралда Москвада “Горбачев турмушта” деген китебин чыгарды. Ага өзүнүн цитаталары, эскерүүлөрү, маектери, каттары жана документтери, андан тышкары орус жана чет элдик авторлордун макалалары кирген.

Горбачев китебинин ачылышында сүйлөп жатып, эгер 1991-жылдан кийин да бийликте калганда реформаларды “эволюциялык жол менен” жүргүзмөктүгүн айтып өттү.

Горбачев бийлик жүргүзгөн убакта “кансыз согуш” аягына чыгып, советтик аскерлер Ооганстандан чыгарылып, коммунисттик идея четке кагылган.

Анын ачыктыкка жана реформага негизделген айкындуулук жана кайра куруу саясатын Чыгыш Европадагы социализмдин кулашына, 1991-жылы Советтер Союзунун тарашына алып келген.

XS
SM
MD
LG