Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

Орусия: Савченкону 23 жылга камоо сунушталды


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Орусияда бүгүн украин учкучу Надежда Савченкого байланыштуу сот отуруму өттү. Анда мамлекеттик айыптоочулар Савченкону 23 жылга камап, 100 миң рубль жазана салуу өтүнүчүн келтиришти. Бул тууралуу сотко катышып жаткан “Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы билдирди.

Украин учкучу Лугансктагы орусиялык телеканалдын журналисттеринин өлүмүнө айыпталууда.

Мурдагы күнү Савченко эгер аны сот өкүмүнөн кийин 10 күн ичинде Украинага экстрадиция кылышпаса, кургак ачкачылык жарыяларын айткан.

Надежда Савченко 2014-жылдын жайында Луганскта кармалган. Савченко күнөөсүз экенин жана жикчилдер тарабынан кармалганын, кийин алар аны Орусияга өткөрүп беришкенин башынан айтып келет.

34 жаштагы учкуч аял абакта жатканда Жогорку Радага депутат болуп шайланган. Дүйнө жүзүндө Савченкону коргогон акциялар өтүп келет.

XS
SM
MD
LG