Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Мыкты корукчулар сыйланат


Бүгүн Бишкекте мыкты корукчуларга сыйлык тапшыруу салтанаты өтөт. Иш-чараны “Кыргызстандагы ак илбирс фонду” уюштурууда.

Ишин жакшы аткарган корукчуларды Айлана чөйрөнү коргоо мекемеси мурдатан бери эле сыйлап келет. Ал эми бүгүнкү премияны аталган фонд өз демилгеси менен биринчи жолу тапшырганы жатат.

Уюмдун өкүлү Чолпон Абасованын “Азаттыкка” айтымында, Нарын, Ысык-Көл, Баткен облустарынан жаныбарларды коргоого чоң салым кошуп келаткан 10 корукчуга сыйлык берилет:

- Албетте, татыктуу корукчулар бизде көп. Бирок алардын эмгеги көп учурда бааланбай калууда. Бир аз болсо да аларга стимул болсун деп жатабыз.

Кыргызстанда ак илбирстин саны азайып, жапайы жаныбарлардын бул түрү жоголуу коркунучу алдында турганын окумуштуулар коңгуроо кагып айтып келүүдө. Абасованын айтымында, учурда өлкө аймагында болжол менен 200-300 ак илбирс бар. 1980-жылдары алардын саны 1000ге жетчү. (RK)

XS
SM
MD
LG