Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Орусия Арктикада ракеталык система орнотууну көздөөдө


Орусия Арктикада абадан коргонуу үчүн ракеталык система иштеп чыгууда. Бул тууралуу мамлекеттик ТАСС агенттиги 2-мартта кабарлады.

Бир күн мурда НАТОнун командачысы Филипп Бридлав АКШКонгрессин Орусия Арктиканы милитаризациялоого улам көп аракетин жумшай баштаганы тууралуу эскерткен. Ракетадан коргонуу системасы “Тор” комплексине негизделери айтылууда. Аны иштеп чыккан “Алмаз-Антей” концерни ошондой эле “С-300» жана «Бук» ракеталык системаларын өндүрөт.

Былтыр март айында Орусия Арктикада 38 миң адамдын катышуусу менен учактардын жана суу алдында сүзүүчү кемелердин машыгуусун өткөргөн. Көп өтпөй Швеция, Норвегия, Финляндия, Дания жана Исландиянын коргоо министрлери Европа мамлекеттери орусиялык аскердик агрессияга каршы туруу үчүн ич ара кызматташтыкты күчөтүшү керектиги тууралуу билдирүү таратышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG