Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Олимпиадалык дирекцияга карата кылмыш иши козголду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясына медициналык каражаттарды кымбат баада сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.

2015-жылдын августунда дирекциянын кызматкерлери “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуу менен баа мониторингин жүргүзбөй, техникалык өзгөчөлүгү жана квалификациялык талаптарына карабай “Елеу” жоопкерчилиги чектелген ишканасы менен 8 миллион 273,1 миң сом суммадагы медициналык каражаттарды сатып алуу боюнча келишим түзгөн.

Сатып алынган дары-дармектердин баасы 1 миллион 567,9 миң сомго кымбатка алынганын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары менен камсыздоо департаменти ырастаган. Келишимден мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факт боюнча “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү”, “Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу” беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери улантылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG