Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Актриса Наталья Крачковская көз жумду


Орусиянын эмгек сиңирген артисти Наталья Крачковская.
Орусиянын эмгек сиңирген артисти Наталья Крачковская.

СССР учурунда бир катар образдар менен көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан актриса Наталья Крачковская 3-мартта 78 жашында Москвада көз жумду. “Свобода” радиосу билдиргендей, ал жекшембиде инфаркт менен ооруканага түшкөн эле.

Крачковская эмгек жолунда жүзгө жакын кинодо ойногон. “Иван Васильевич кызматын өзгөртөт”, “12 отургуч” сыяктуу ондогон көркөм тасмалардагы ролу көпчүлүккө белгилүү.

Маркум Орусиянын эмгек сиңирген артисти наамын алган. (SE)

XS
SM
MD
LG