Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Крым Жогорку соту Межилиске тыюу салуу маселесин карай баштады


Крым Жогорку соту.
Крым Жогорку соту.

Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын Жогорку соту бүгүн крым-татарларынын Межилисин экстремисттик уюм деп таап, Орусия аймагында ага ишмердик кылууга тыюу салуу боюнча жазылган арызды кароону баштады. Алгачкы отурум коопсуздук чаралары күчөтүлгөн абалда өтүүдө. Маалыматка караганда, сот имаратын көп сандагы полиция отряды курчап турат.

Крым прокурору Наталья Поклонская 15-февралда Межилиске тыюу салууну өтүнүп, сотко кайрылган. Бул кадамга крым-татарларынын суранычы менен барганын билдирген.

Крым-татарларынын элдик Межилисинин төрагасы Рефат Чубаров 2015-жылдын октябрында Орусия аймагынын бүтүндүгүнө коркунуч келтирди деген айып менен сыртынан кесилген. 2014-жылы Межилистин мурунку төрагасы Мустафа Жемилевдин Крым аймагына кирүүсүнө тыюу салынып, быйыл ага федералдык издөө жарыяланган.

Межилис төрагасынын орунбасары Ахтем Чийгөз 2014-жылы Симферополдо башаламандык уюштурду деп камакка алынган. Укук коргоочулар Чийгөздү саясий туткун деп аташууда. (SE)

XS
SM
MD
LG