Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:13

Өзбекстанда диниятчыларды камоо уланууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Өзбекстандын Фергана облусунун 11 тургуну тыюу салынган диний уюмга катышы бар деген айып менен кармалышты. Мурдараак Ташкентте да ондон ашуун киши ушундай эле айып менен торго салынган.

Фергана облусунун Алтыарык районундагы окуяга күбө болгон, атын атагысы келбеген күбөнүн айтымында, рейд учурунда 11 жигитти бир заматта кармап кетишкен.

- Кара кийимчен, кара беткапчан адамдар келишти. Үйлөрдү тыкыр тинтишти. Рейд таң алдында башталды. Беткапчандар эл таңкы намазды окуганы мечитке кетип баратканда, саат алтыларда келишти. Саат үчкө чейин созулду. Балдарды коркунучтуу кылмышкерлерге окшотуп, баштарына кап кийгизип көчөгө алып чыгышты", - деди атын атагысы келбеген күбө "Азаттыктын" өзбек кызматына.

Расмий бийлик бул боюнча маалымат бербей жатат. Дагы бир анонимдүү булактын маалымдашынча, кармалгандар Тинчлик шаарында, Полосон, Чурак жана Чинар айылдарында жашашчу. Эң жашы 25, улуусу 34 жашта. Аларга Өзбекстанда ишмердигине тыюу салынган «Хизб-ут Тахрир» уюмуна тиешеси бар деген айып тагылган.

Каерге камалгандарын "Азаттык" биле алган жок. Жада калса алардын туугандары да билишпейт. Өзбекстандагы укук коргоочулардын демилгечи тобунун жетекчиси Сурат Икромов шектелгендер кандай шартта кармалып жатканы, тергөө кандай жүргөнү, канчоосунун күнөөсү далилденип, канчасы кайра коё берилери беймаалым деп, жагдайды мындайча сүрөттөдү:

- Маалыматты бербей, жашырууга аракет кылып жатышат. Бир ай мурда диний негизде кармалгандар 200 дегенбиз. Азыр 300гө да барышы мүмкүн. Так санын билбейбиз. Анткени кармалгандардын жакындарын таба албай жатабыз. Жакын туугандарын коркутуп, эч кайда арызданбайбыз, адвокат албайбыз, укук коргоо уюмдарына, журналисттерге кайрылбайбыз деген мазмунда тил кат алышкан. Ошон үчүн ого бетер ишти ырбатып алабызбы деп, келиштен коркуп атышат.

Февраль айында Ташкенттеги бир нече мааледен «Салафия» диний агымына катышы бар деп дагы 14 киши кармалган. Алардын көбү чет жерде иштеп, окуп анан Өзбекстанга кайтып келгендер болчу. Мындан тышкары, Фергана, Хорезм жана Наманган облустарында да диний негизде камакка алынгандар бар экени кабарланууда.

Укук коргоочу Сурат Икромов Өзбекстанда ислам дининин алкагында намазга жыгылып, мечитке каттагандар көп экенин, арийне, кармалгандар арасында уруксатсыз диний агымга кирбегендер да бар экенин айтууда:

- Ал агымдарда болбогондорду деле камап жатышат. Бул көп кишини кармап, камакка алып, анын арты менен башка калган элди коркутуш максатында жасалып жаткан тапшырма болушу мүмкүн деп ойлойм.

Икромовдун айтымында, ушу тапта дин жаатында түрдүү айып менен 12 миң чамалуу киши Өзбекстандын абактарында жатат. Ал эми бул жаатта расмий статистиканы билүүгө мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG