Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Улуттук китепкананын немис бөлүмүндө “Ачык эшик күнү” өтөт


Бүгүн Улуттук китепкананын немис окуу залында “Ачык эшик күнү” өтөт. Немис адабиятын, маданиятын жайылтуу, таанытуу максатын көздөгөн иш-чараны Гёте институту (Goethe institute) уюштурууда.

Окурмандарды экскурсия, билим таймаштары күтүүдө. Ошондой эле Германия тууралуу тасма көрсөтүлөт.

Улуттук китепкананын немисче окуу залы Германия элчилигинин демилгеси менен 1998-жылы ачылган. Анда немис тилиндеги 5000 китеп жана аудиовизуалдык материал сакталып турат. (RK)

XS
SM
MD
LG