Бүгүн Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы акция өтөт. Аны «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы “Res Publica” гезити менен бирге уюштурууда. Иш-чара Ак үй алдында өтүп, анын катышуучулары атайын кайрылуу кабыл алышат.
Кайрылууда бийликтин убадаларына карабастан аялдарга, кыздарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканы тууралуу айтылат. Мисал катары Таласта сот кызматкерлери зордуктады деп арызданган Калия Арабекованын иши эки жылдан бери аягына чыкпай келатканы, Жогорку Сотто белгилүү ишкер Райкан Алкановдун зомбулугуна кабылганын айткан кыздарга карата өкүмдүн катуулашы боюнча фактылар келтирилүүдө.
Демилгелүү топ аялдар көйгөйлөрүнө, күч түзүмдөрүн, сот системасын реформалоо зарылчылыгына коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн ай сайын Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чогулууну сунуштоодо.
Жакында «Реформалар жана натыйжа үчүн” деп аталган кыймыл 2015-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасында кыргызстандык ар бир 25-аял зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө кабылганын, алардын 12% гана милицияга кайрылары аныкталганын айтып чыкты. (RK)