Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Республика Ата-Журт: “Коопсуз шаар” долбоору бүтпөсө өкмөт кызматтан кетсин


Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония.
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония.

Бүгүн Жогорку Кеңештин “Республика Ата-Журт” фракциясы “Коопсуз шаар” долбоорун талкуулады. Анда долбоорду “Коопсуз мамлекет” деп өзгөртүү сунушталды. Мындан сырткары өкмөт тез арада муну колго алып ишке киргизсин, болбосо кызматтан кетсин деген талап айтылды. Ошондой эле өткөрүлгөн тендердин мыйзамдуулугун текшерип, комиссия башчыларын жоопко тартуу Башкы прокуратурага тапшырылсын, деген токтом кабыл алынды.

"Коопсуз шаар" долбоору коңшу өлкөлөрдө бир нече жылдан бери ишке ашып, натыйжасы дурус экени айтылып келет. Кыргызстанда болсо шаардыктардын коопсуз жашоосун камсыздоо үчүн Бишкек, Ош калааларын түнкүсүн күндүзгүдөй жарыктандырып, видеокөзөмөлдү толук орнотуп беребиз, деген өкмөттүн убадасы дээрлик беш жылга жакын убакыттан бери ишке ашпай турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG