Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Түркия премьери Иранга баратат


Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу.
Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу.

Түркия премьер-министри Ахмет Давутоглу бүгүн Тегеранга эки күндүк сапар менен барарын түрк өкмөтүнөн кабарлашты. Анда кошуна эки өлкө ортосундагы соода-сатык маселелери жана Анкара менен Тегерандын Сирия маселесиндеги кайчы позициялары боюнча талкуулар болот.

Иран менен Орусия Сирия маселесинде президент Башар Асадды колдоп келет. Түркия тескерисинче Асаддын режимин катуу сындаган өлкөлөрдүн катарында. Сирия маселесинде мындай карама-каршы позицияларына карабай Анкара менен Тегеран кайсы бир деңгээлде достук мамилесин сактап келатат.

Мындан тышкары Түркия Иран менен дипломатиялык алакаларын үзгөн Сауд Арабия менен да жакшы мамиледе.

XS
SM
MD
LG