Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Түндүк Корея ядролук күчтөрүн даярдыкка келтирүүдө


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын.

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын өлкөнүн ядролук күчтөрүн даярдыкка келтирүүнү буйруду. Анын "биз ядролук куралдарыбызды колдонууга ар дайым даяр турушубуз керек", - деп айтканын жума күнү мамлекеттик KCNA маалымат агенттиги жарыялады. Түндүк Корея жетекчиси АКШны "башка өлкөлөрдө уруш жана жаңжалдарды козутат" деп айыптап, өлкө коопсуздугун сактоо үчүн ядролук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү зарылдыгын белгилеген.

АКШ коргоо министрлигинин өкүлү Билл Урбан бул билдирүүдөн соң Түндүк Корея жетекчилигин "чагымчыл аракеттерден карманууга" чакырды.

Пхеньяндын бул аракети БУУнун Коопсуздук кеңеши 2-мартта Түндүк Кореяга каршы санкцияларды күчөтүү чечимин кабыл алгандан кийин башталды.

XS
SM
MD
LG