Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:41

Бишкекте “Мээримдүү энелер” сыйланды


Баатыр энелер.
Баатыр энелер.

Аялдардын эл аралык майрамын утурлай Бишкекте уюштурулган иш чарада көп балалуу Баатыр-энелерге, жашы улгайган аялдарга, томолой жетимдерди баккан айымдарга “Мээримдүү эне” наамы менен өзгөчө белектер тапшырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Буткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынан кабарлады. Аталган акциянын алкагында мекеменин карамагында турган 700дөй балага 4000 сомдон жөлөк пул берилди. Улуттук филармонияда өткөн майрамдык салтанатка Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Мохаммед бин Арар Аль-Наими жана ассоциациянын президенти Саид Баюми катышты.

Бул акция “Энекем менин бейишим - 2016” аттуу кайрымдуулук долбоорунун алкагында уюштурулду. Буга чейин мындай иш чара Ысык-Көлдө, Нарында өткөн. Март айынын ичинде долбоор Токтогул, Өзгөн, Кызыл-Кыя, Баткен, Исфанада уланат.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 1500 атасыз балдар ассамблеянын эсебинен ай сайын 1350 сомдон жөлөк пул, мектепке керектүү окуу куралдарын, кийим-кече менен камсыз болуп турушат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG