Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Орусияда тик учак кырсыгы эки өмүрдү алды


Орусия батышындагы Владимир облусунда бүгүн тик учак кыйрап, андан эки адам ажал тапты. Облус губернатору Светлана Орлова тик учактагы дагы эки адам оор жаракат менен ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Тик учак Москва облусундагы Иваново шаарын көздөй бараткан жолдо, Варварино айылына жакын жерде кыйрап, андан кийин күйүп кеткен.

Кырсыктын себептери иликтене баштады. Расмий өкүлдөр кырсыкка аба ырайынын начардыгы, же учкучтун катасы, же башка техникалык жагдайлар себеп болушу ыктымалдыгын болжоп жатышат.

XS
SM
MD
LG