Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

УКМКдагы өрттө жабыркагандардын абалы жакшы


Иллюстрация
Иллюстрация

УКМКнын башкы имаратында болгон өрттөн жабыркаган алты кишинин абалы жакшырып баратканын “Азаттыкка” коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Анын сөзү боюнча, жабыркаган кызматкерлер бүгүн-эртең ооруканадан чыгат. Маалымат катчынын айтымында, ушул тапта өрттүн келип чыгуу себебин аныктоочу атайын комиссия өрт өчүрүү кызматынын адистери менен чогуу иштеп жатышат. Алар өрттүн себебин жана андан келтирилген зыяндарды аныкташат.

4-мартта УКМКнын Бишкектеги башкы имаратында өрт чыккан. Алдын ала маалыматтарда ага электр зымдарындагы мүчүлүштүк себеп болгон.

Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда, имараттын үч бөлмөсү катуу күйгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG