Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Кыргызстандык кол өнөрчүлөр Ирандагы фестивалга катышты


Нооруз майрамын утурлай Тегеранда өтүп жаткан элдик кол өнөрчүлүк фестивалына Кыргызстандан Кол өнөрчүлөр ассоциациясынын ресурстук «CACSARC-kg» борбору катышты. Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, фестивалда кыргызстандык кол өнөрчүлөр кийизден, чийден жасалган куурчактар жана башка улутту тааныткан оймо-чийме салынган буюмдар коюлган көргөзмө даярдашты. Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандан барган кол өнөрчүлөрдүн эмгектери иш-чаранын катышуучуларынын жана конокторунун кызыгуусун жаратты.

Фестивалга Иран, Тажикстан, Өзбекстан, Индонезия, Армения жана башка өлкөлөрдүн кол өнөрчүлөрү катышкан. Иш-чара 3-марттан 5-мартка чейин уланды. Фестивал ЮНЕСКОнун Тегеран борбору тарабынан уюштурулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG