Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Зулфия Көчөрбаеванын билдиришинче, жөө жүрүш 8-март аялдардын эл аралык күнүн утурлай өлкөдөгү гендердик теңчилик көйгөйлөрүн көтөрүү максатында өткөрүлүүдө.
Түшкү саат бирде "Россия" кинотеатрынын жанынан баштала турган жөө жүрүш Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында митинг менен аяктайт. Көчөрбаева кошумчалагандай, митинг учурунда айымдардын өлкөдөгү көйгөйлөрү жана укуктары талкууланат.
Жөө жүрүшкө чыгуу демилгесин кыргызстандык бейөкмөт уюмдар көтөрүшкөн.
8-март БУУ тарабынан 1975-жылы аялдардын эл аралык күнү катары таанылган. (SDz)