Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Вице-спикерлик орунга эки талапкер көрсөтүлдү


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, парламенттин төрага орун басарлыгына Чолпон Жакупова жана Алтынай Өмүрбекованын талапкерлиги көрсөтүлдү.

Эки талапкер тең парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинен элегинен өтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Чолпон Жакупова “Бир Бол” фракциясынын өкүлү болсо, Алтынай Өмүрбекова “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат. Экөө тең оппозициялык азчылык фракцияларынан өкүлдөрү.

Бул орунду буга чейин “Бир Бол” фракциясынан Бакыт Эсенбаева ээлеп келген. Ал 4-февралда өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган. (SDz)

XS
SM
MD
LG