Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Президент Атамбаев аскер жетекчилери менен жолукту


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн аскер түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде мамлекет башчысы өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн жана аскердин согушка жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, кеңешменин катышуучулары стратегиялык өнөктөштөр менен аскердик-техникалык кызматташуунун өнүгүшү жөнүндө баяндама берген.

Атамбаев кеңешмеде жаңы дайындалган Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын начальнигинин биринчи орун басары Кубанычбек Орозматов менен орун басары Нурлан Чомоевди тааныштырды. (SDz)

XS
SM
MD
LG