Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Асанов: 14-мартта Жалал-Абадда митинг өтөт

Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү жана “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Бектур Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче, 14-март күнү Жалал-Абад шаарында нааразылык акциясын  өткөрүү пландалууда.

- Буга чейин Нарында, Аксыда болгон митингдин талаптарын колдоо менен бул ирет биз саясий маселелерди да көтөрөбүз. Ушул сыяктуу эле митинг 14-мартта Нарын, Талас, Аксы аймактарында өткөрүү пландалууда. Улуттук оппозициялык кыймыл тийиштүү тараптарга митинг өткөрүү боюнча билдирүүлөрдү жөнөткөнү жатат, - деди Асанов.

Буга чейин "Эл үнү" кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаров 24-мартта Ош шаарында оппозициянын башын бириктирген республикалык курултай өтүүсү күтүлүп жатканын билдирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG