Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:40

МАГАТЭ: Иран милдеттенмесин бир нече жыл аткарышы керек


Юкиа Амано Иран президенти Хасан Роухани менен жолуккан кез. 18-январь, 2016-жыл.
Юкиа Амано Иран президенти Хасан Роухани менен жолуккан кез. 18-январь, 2016-жыл.

Атом энергетикасы боюна эл аралык агенттик - МАГАТЭнин башчысы Юкиа Амано бул тууралуу бүгүн уюмдун башкаруучулар кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, азыр Иран өзөктүк келишимди аткаруу боюнча алгачкы эле кадамды жасады, бирок бул эл аралык документ ондон ашуун жылга эсептелгендиктен Иранга да өз милдеттенмелерин алдыдагы көптөгөн жылдар бою сакташ керек.

Иран дүйнөнүн ири алты державасы менен түзгөн келишимге мониторинг жүргүзүп жаткан МАГАТЭ өткөн айда алгачкы баяндамасын жарыялап, анда Тегеран милдеттенмелерин аткаруу жолуна тез эле түшкөнүн белгилеген.

Былтыр июлда түзүлгөн келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын кыскартууга макул болуп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар быйыл январдан тарта жоюлган. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG