Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Мария Шарапова: Чоң ката кетирдим


Чоң Шлем турнирлеринин 5 жолку жеңүүчүсү 28 жаштагы Шарапова
Чоң Шлем турнирлеринин 5 жолку жеңүүчүсү 28 жаштагы Шарапова

Кечээ Лос-Анжелесте маалымат жыйынында Мария Шарапова акыркы 10 жылдан бери ден соолугуна байланыштуу тыюу салынган мельдоний дарысын колдонуп жүргөнүн билдирди.

Орусиянын теннис федерациясынын башчысы Шамиль Тарпищев Мария Шарапова быйылкы Жайкы Олимпиадага катышат деп ишенет. 7-мартта белгилүү теннисчинин жыл башында Австралиянын ачык чемпионатында алынган допинг анализдери позитивдүү болуп чыкканы жарыяланган. Анын алдында германиялык АRD телеканалы Орусиянын жеңил атлетчилери дагы эле тыюу салынган препараттарды колдонуп жатышат деген мазмундагы иликтөөсүн көргөзгөн.

Мария Шарапованын үмүтү

Орусиянын теннис федерациясынын башчысы Шамиль Тарпищев ТАСС агенттигине интервью берип, мунун бардыгы болбогон кеп, Шарапова спорттук карьерасын улантат, орус теннисине эч кандай коркунуч жок деп айтты.

“Спортчулар аларга физиотерапевттер жана догдурлар жазып берген дарыларды гана колдонушат. Шарапова Олимпиадада ойнойт деп ойлойм. Бирок окуялардын мындан аркы өнүгүшүн күтөлү, - деди Орусия теннис федерациясынын төрагасы.

Дүйшөмбү күнү Лос-Анжелестеги пресс-конференцияда Чоң Шлем турнирлеринин 5 жолку жеңүүчүсү 28 жаштагы Шарапова акыркы 10 жылда ден соолугуна байланыштуу мельдоний деген дарыны ичип жүргөнүн моюнга алган. Препаратка 2016-жылдын 1-январынна тарта тыюу салынган.

- Бул үчүн мен толугу менен жоопкерчиликти өзүмө алам. Чоң ката кетирдим. Карьерамды мындайча аяктагым келбейт. Теннисте калууга мага дагы бир мүмкүнчүлүк берилээрине үмүттөнөм, - деди Мария Шарапова.

Шараповага кандай жазалоочу чара колдонулаары азырынча белгисиз. Чечим кабыл алынгыча 12-марттан тарта спортчу бардык мелдештерден четтетилмекчи.

Допинг тууралуу кабар тараары менен Nike компаниясы орусиялык теннисчи менен рекламалык контрактты токтото турууну чечти. Спорт товарларын өндүргөн америкалык компания Шарапованын эң чоң спонсорлорунун бири болчу. Рекламанын эсебинен теннисчи дүйнөдөгү эң көп акча төлөнгөн спортчу болуп эсептелет. Forbes журналынын эсебинде өткөн жылы Шарапова 29,5 миллион доллар алган.

Ошол эле дүйшөмбү күнү мельдонийди колдонгондугу үчүн орусиялык дагы бир спортчу, Сочи Олимпиадасынын командалык жарыштагы чемпиону Екатерина Боброва көркөм муз тебүү боюнча дүйнө чемпионатына катыштырылбайт деп маалымдалды.

Мельдоний гормондор жана метаболизм модуляторлордун тобуна кирет. Препаратты организмдин физикалык жана психикалык жактан чыдамкайлыгын көтөрүү үчүн колдонушат.

Жөө күлүктөрдүн допинг чуусу

Орусиянын спорт министри Виталий Мутко допингге каршы мыйзамдар бузулган учурда ал үчүн мамлекет эмес, жеке адамдар жооп берүүгө тийиш деп эсептейт.

Мындай комментарийди министр германиялык ARD телеканалы жекшембиде көргөзгөн иликтөөгө жооп иретинде жасады. Немис журналисттери орусиялык спортчулар Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерациянын допинг эрежелерин бузуп жатканын ашкерелешкен.

«Кыңыр иш: допинг» деп аталган фильмдин авторлору Орусиянын жеңил атлетчилери арасындагы кызытма колдонуу боюнча жаңы фактылардын бетин ачып, бул терс көрүнүшкө каршы өлкөдө эч ким күрөшпөй жатат деген күмөн саноолорун ортого салышкан.

- Мындай кеңири жайылган проблемадан бир нече айда эле арылуу мүмкүн деп кантип ойлосо болоорун такыр түшүнбөйм. Орусия дүйнөлүк спортто кайрадан өз ордун ээлегиси келсе, берилген тапшырмаларды аткарууга тийиш. Ага саналуу айдан алда канча көп убакыт керек. Сөз жаңы жоболорду, эреже-тартиптерди кабыл алуу жөнүндө жүргөн жок. Кеп маданиятты өзгөртүүдө, - деди ARDнин кабарчысы жана допинг боюнча эксперт Хайо Зеппелт “Рейтер” агенттигинин кабарчысына.

Орусиялык жөө күлүктөр
Орусиялык жөө күлүктөр

Бул – каналдын ушу темадагы үчүнчү тасмасы. Буга чейинки эки иликтөө 2014-жылдын декабрында жана былтыр августта чыккан. Журналисттердин пикиринде, допинг жаңжалына аралашкан машыктыруучулар атлетчилерди тарбиялоону мурдагыдай эле улантышууда.

Ишинен убактылуу четтетилген машыктыруучулардын бири фильмде көргөзүлгөн Владимир Казарин «Рейтерге» иликтөөнү «болбогон кеп» деп сыпаттап, "мунун бардыгы күчтүү орусиялык спортчуларды августта башталып жаткан Рио-де-Жанейро Олимпиадасына катыштырбоо үчүн жасалып жаткан бут тосуу" деди.

Өткөн ноябрда Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин атайын комиссиясы Орусиянын Жеңил атлетика боюнча улуттук федерациясы допингге каршы эл аралык кодексти аткарбай, көп жылдардан бери паракорлукка, бурмалоолорго, көз боёмочулукка жол берип келгенин ашкерелеген.

Орусиялык спортчулар Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык Ассоциациясы өткөргөн бардык мелдештерден белгисиз мөөнөткө четтетилген. Ал эми орус жеңил атлетчилеринин Рио-де-Жанейро олимпиадасына катышар-катышпасы али чечиле элек. Орусия 2012-жылы Лондон олимпиадасында жалпы медалдардын саны боюнча АКШдан кийинки экинчи орунду ээлеген. Казарин ал машыктыруучулуктан четтетилгенден кийин иштеп атат деген айыптоолорду четке кагып, бул окуя америкалыктардын заказы деп доомат артты.

Виталий Мутко
Виталий Мутко

Ал эми Спорт министри Виталий Мутко германиялык мамлекеттик телеканал эмне эле Орусиядагы абалга ушунчалык тынчсызданат деп комментарийледи.

Эксперт Хайо Зеппелт болсо фильмде айтылган фактылар орус жарандарынан алынганын белгиледи:

- Биз чагылдырган маалыматтар орусиялыктардан алынган. Эреже бузуу учурлары тууралуу бизге орусиялыктар өздөрү айтып беришкен. Орусия биздин ишибизге даттанганда таза спортту жактаган, спортту жакшыртууну каалаган канчалаган орустар бар экенин унутпаса. Немис журналисттеринин иликтөөсү Германиядагы айрым партиялардын саясий заказы деген кептер акылга сыйбайт.

ARDнин журналисттери Орусиянын допингге каршы агенттигинде (РУСАДА) спортчуларга тыюу салынган заттарды колдонууга мүмкүнчүлүк берген мурунку эле аткаминерлер иштеп жатканына да көңүл буруп, мисал катары агенттиктин жетекчиси Анна Анцелович келтирилет. Ал буга чейин ушул эле уюмда башка жогорку кызматты аркалап келген.

Андан тышкары фильм авторлору агенттиктин мурдагы башчысы Никита Камаевдин өлүмү кокустук болгон эмес деп ырасташат. Алардын айтымында, Камаев орусиялык спорттогу допинг тууралуу жаңы материалдарды чет өлкөлүк журналисттерге өткөрүп берүүгө даярданып жаткан учурда каза тапкан.

Маркум февралдын ортосунда, кызматынан алынгандан эки ай өткөндөн кийин жүрөгү кармап көз жумган.

Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерация фильмде айтылган фактыларды жакшылап текшерип чыгаарын маалымдады. Анын артынан Орусиянын федерациясы да допингге каршы мыйзамдардын бузулушу боюнча өз иликтөөсүн жүргүзөөрүн айтты.

XS
SM
MD
LG