Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

АКШ талиптерди тынчтык сүйлөшүүгө катышууга үндөдү


Жаз айларында курчуп кетчү күрөш алдында АКШ талиптерге тынчтык сүйлөшүүлөргө кошулууну 7-мартта сунуштады. Талиптер чет өлкөлүк аскерлер өлкөдөн чыгарылмайын ооган өкмөтү менен сүйлөшүүгө барбай турганын 5-мартта билдирген. Бирок ооган бийлиги талиптердин талабын аткаруудан баш тартып, алардын сүйлөшүүгө катышуусуна дале үмүт бар экенин билдирген.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби талиптерде тандоо мүмкүнчүлүгү бар болгонун айтты.

“Мамлекетти талкалалоого алып келип жаткан өз туугандары оогандар менен күрөшүүнүн ордуна, алар тынчтык сүйлөшүүгө катышып, бирдиктүү жана эгемендүү Ооганстандын саясий системасынын бир бөлүгү болуш керек. Эгерде сүйлөшүүлөр болбосо, анда ооган өкмөтү жана коалициялык күчтөр жаз айларында күчөп кетүүчү күрөшкө даярдык көрүшү керек”, - деди Кирби. (AiT)

XS
SM
MD
LG