Мындай чечим 2-марттагы сот жараянында кабыл алынган. 2-марттагы сотто күбө Нурлан Асанов суралган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнөн 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда. Ага каршы өткөн жылы май айында кылмыш иши козголгон.
Самаков өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (AiT)