Бул тууралуу Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Равшан Жээнбеков 7-мартта билдирди. Анын айтымында, 24-мартта Ошто жалпы оппозиция курултай өткөрүүнү пландаштырууда.
Ош шаарында курултай өткөрүү белгиленип жатканын “Азаттыкка” “Эл үнү” саясий кыйымылынын лидери Азимбек Бекназаров да билдирген.
Маалыматка караганда, курултайда өлкөдөгү саясий-экономикалык, социалдык маселелер көтөрүлүп, март жана апрель ыңкылаптарынын талаптарынын аткарылышы талкууланат. Ошого жараша азыркы бийликтин ишмердүүлүгүнө баа берилет. (AiT)