8-9-мартта абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная-Горка-Ак-Таш, Каракол-Эңилчек жана Казарман-Акталчат жолдорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн, түнкүсүн жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Эртең жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25 ысыйт.
Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 20…25 ысык болот.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26 градус ысык.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус жылыйт.
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 10…15 градус жылуу болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1 градуска чейин жылыйт.
9-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° жылуу болушу күтүлөт. (SDz)