Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Обидхон карынын иши боюнча дагы бир өзбекстандыкты камоого ордер берилди


Обид кары Назаровго 2012-жылы 22-февралда Швециянын Стромсунд шаарында кол салуу болгон.
Обид кары Назаровго 2012-жылы 22-февралда Швециянын Стромсунд шаарында кол салуу болгон.

Швециянын Остершунд шаардык соту диниятчы Обид кары Назаровго кол салуу боюнча теги өзбекстандык болгон Орусия жараны Тигран Каплановду кармоого ордер берди. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы ишенимдүү булактарга таянып, Каплановдун мурдагы аты-жөнү Умид Аминов экенин маалымдады. 4-март күнкү чечимге ылайык, ал Обид карыны атуу үчүн өзбек жараны Юрий Жуковскийге буйрутма берген деп шектелүүдө.

Өткөн жумада Швециянын Сундсвалль шаардык соту Юрий Жуковскийди диниятчы жана Каримов режиминин сынчысы Обид Назаровго кол салгандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн аягына чейин абакка кескен.

Имамдын уулу Довудхон кол салуунун артында расмий Ташкен турганын, буга жетиштүү далилдер бар экенин белгилейт.

2012-жылы 22-февралда Швециянын Стромсунд шаарында Обид Назаровго кол салуу болгон. Октон жараат алган диниятчы үч жылдан бери оор абалда жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG