Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Пакистандагы жардыруунун курмандыктары 17ге жетти


Чарсадда районундагы 7-мартта болгон жардыруудан кийин.
Чарсадда районундагы 7-мартта болгон жардыруудан кийин.

Пакистандын түндүк-батышындагы Чарсадда районунда жанкечти ишке ашырган жардыруудан мерт кеткендер саны 17ге жетти.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Пакистан кызматы кабарлагандай, Шабкадар шаарындагы сот имаратынын жанында 7-мартта жанкечти өзүн жардырган. Каза тапкандар арасында эки полиция кызматкери, бир аял жана бир бала да бар.

Алгач он киши мерт кеткени кабарланган. Маалыматтарга караганда, оор жараат менен ооруканага түшкөндөр да кайтыш болууда.

Жардыруу үчүн жоопкерликти талибдерге байланышы бар "Жамаат-ул-Ахрар" уюму өзүнө алган.

Чарсадда району Ооганстан менен чектешкен жана тынч эмес аймактардын бири болуп саналат. Пакистан бийлиги бул жердеги согушкерлерге каршы сокку уруулар жанданганын кабарлап, 8-мартка караган түнү 21 согушкер өлтүрүлгөнүн маалымдады. (SE)

XS
SM
MD
LG