Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Киевде жүздөгөн адамдар Савченкону бошотуу талабын коюшту


Савченкону бошотууну талап кылган Киевдеги жөө жүрүш.
Савченкону бошотууну талап кылган Киевдеги жөө жүрүш.

8-мартта жүздөгөн украиналыктар, алардын ичинде депутаттар Киевдин көчөлөрүнө чыгып, украиналык учкуч Надежда Савченкону тез арада бошотууну Орусиядан талап кылышты. Алар Украинанын коргоо министрлигинен орус элчилигине чейин жөө жүрүш жасап, президент Владимир Путинге жолдонгон Савченкону бошотуу талабы жазылган катты окушту.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Надежда Савченконун ден-соолугуна жана абалына тынчсыздануу билдирип, аны бошотууга 8-мартта үндөдү. Украиналык учкуч 3-марттан бери ачкачылык кармап келатат. Ага карата бүгүн өкүм чыгышы күтүлүүдө. Прокуратура учкучту 23 жылга кесүүнү соттон сураган.

Надежда Савченко 2014-жылы Чыгыш Украинада жикчилдерге каршы күрөш учурунда кармалып, мыйзамсыз түрдө Орусияга чыгарылып кеткени айтылган. Орусия тарап Савченко эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп айыптоодо.(AiT)

XS
SM
MD
LG