Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

АКШ Ирандын ракета сыноосу БУУнун чечимине каршы келерин эскертти


АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби.

Иран баллистикалык ракетасын сынаганын жарыялагандан кийин АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жон Кирби Вашингтон бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинде көтөрүү мүмкүндүгүн 8-мартта билдирди. Жон Кирбинин айтуусунда, Тегерандын сыноосуна карата Америка эл аралык деңгээлде же жеке өзү жооп кайтарышы мүмкүн.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест Ирандын ракета сыноосу алты ири мамлекет жана Тегеран өткөн жылы жетишкен келишимдин талаптарын бузбасын, бирок Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимине каршы келген жагдай бар экенин белгиледи. Эрнесттин айтуусунда, Барак Обаманын администрациясы Ирандын ракета сыноосун Коопсуздук Кеңеште көтөрүүнү караштырып жатат. Бул арада БУУнун маалымат катчысы Стефан Дужарич БУУнун өзүндө да бул маселе карала баштаганын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG