Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Жапониядагы ыр жарышта кыргыз ырчысы биринчи орунду алды


8-мартта Жапониянын баш калаасы Токиодо Nodojiman the world аттуу эл аралык сынакта кыргызстандык көзү азиз ырчы Гүлүм Касымбаева баш байгеге ээ болду.

Бул сынакта 10 өлкөнүн ырчылары жапон тилинде ырларды аткарышты. Сынактын жыйынтыгы тууралуу “Азаттыкка” Токиодогу кыргызстандык Мунара Жалил кызы билдирди. Бир нече этаптан турган сынакта Гүлүм Касымбаева улуттук кыргыз кийимдерин кийип чыккан жана жапон тилинде ырдаган. Ыр жарышка Америка, Германия, Аргентина, Мексика, Канада, Франция ж.б. өлкөлөрдүн өнөрпоздору катышты. (BCh)

XS
SM
MD
LG