Бүгүнкү күндөн баштап борбор калаада жылуулук берүү токтотулду. Тийиштүү буйрукка шаар мэри Албек Ибраимов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Буйрукка ылайык, аба ырайынын жылышына байланыштуу 10-марттан тарта жылуулук өчүрүлөт. Ал эми район башчыларына жылуулук сезонунун аяктоосуна байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. (SDz)