Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Кызын сабап жүргөн ата-энеге кылмыш иши козголду

Акыйкатчы институтуна Сузак районунун Н. К. аттуу жараны кайрылып, узак убакыттан бери ата-энеси тарабынан зордук-зомбулукка кабылып келе жатканын билдирген.

Өткөн жылдын ноябрь айында кыз ата-энесинен балдар үйүнө качып кеткенин билдирип, кийинчерээк ата-эне "экинчи кол көтөрбөйбүз" деп убада беришкен. Бирок алардын ур-токмогу токтобогондон улам ушул жылдын январь айында кыз Бишкекке качып кеткен.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, учурда Н.К. Ош шаарындагы “Ак-Жүрөк” кризистик борборуна жайгаштырылып, психиологиялык жана укуктук жардам алып жатат. Ал эми кыздын ата-энесине Сузак райондук ИИБсы кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери жүрүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG