Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:01

Журналисттерге кол салууга байланыштуу Москвада пикет өтүүдө


Норвегиялык журналист Оештейн Винстад
Норвегиялык журналист Оештейн Винстад

Ингушетиядан Чеченстанга баратып, белгисиз кишилердин кол салуусуна кабылган журналисттерди колдогон активист бүгүн Москвада пикет өткөрдү. “Азаттык” радиосунун орус кызматы кабарлагандай, президенттик аппараттын жанында уюштурулган нааразылык акциясында кылмыш жасагандарды жана буйрутма бергендерди жазалоо талабы коюлду.

Бейшембиге караган түнү “Кыйноолорго каршы комитеттин” укук коргоочуларынан жана журналисттерден турган 20дай киши Ингушетиядан Чеченстанга багыт алган учурда аларга бычак менен куралданган беткапчан кишилер кол коюп, кичи автобусту өрттөп салышкан. Окуяда жараат алган швециялык жана норвегиялык эки журналист ооруканага түшкөн. Жабыркагандар арасында орусиялыктар да бар.

Ингушетия полициясы бул боюнча кылмыш ишин козгоду.

Президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков укук коргоочулар менен журналисттерге болгон кол салууну чектен ашкан бейбаштык деп атады. (SE)

XS
SM
MD
LG