“Кыргызалтындан” кабарлагандай, алтын чыгаруучу кендеги жылдык оңдоо иштерине байланыштуу “Макмалалтын” комбинатынын кээ бир бөлүгүндө жумуш токтойт.
“Кыргызалтындын” маалымат катчысы Толкун Камчыбекова “Азаттыкка” оңдоо иштери 15-апрелге чейин уланаарын айтты. Бул аралыкта алтын өндүрүүчү фабрика, техникалык көзөмөл бөлүмү, тигүүчү цех, байланыш тилкеси, материалдык-техникалык жабдуу жана химиялык лаборатория бөлүмдөрү иштерин токтотмокчу.
Ошол эле учурда алтын кендин кызматкерлери ишин уланта беришет. Учурда “Макмалалтын” комбинатында 1065 адам иштесе, алардын ичинен 200 кызматкер 15-апрелге чейин акысыз эмгек өргүүсүнө чыкты. (SDz)