Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Даун синдрому менен төрөлгөн балдардын көргөзмөсү өтөт


Даун синдрому менен жабыркаган балдар жасаган буюмдар. Косоводогу көргөзмө.
Даун синдрому менен жабыркаган балдар жасаган буюмдар. Косоводогу көргөзмө.

18-19-мартта Бишкек шаарында Даун синдрому менен жабыркаган балдардын "Күндүн аймагы" аталышындагы биринчи портреттик фото-сүрөт көрсөтмөсү өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Дина Эшалиева билдирди.

Бул акцияда Даун синдрому менен ооруган балдардын колунан жасалган эмгектер жана сүрөттөр коомчулуктун назарына коюлат. Көргөзмөсүнүн ачылышы 18-март күнү саат 10до "Вефа" соода борборунда башталмакчы.

Кадимки адамдын ар бир клеткасында 23 жуптан турган 46 хромосом (адамдын гендик маалыматын алып жүргөн клетканын түзүмү) бар. Ал эми бул синдром менен төрөлгөн балдарда анын саны 47ни түзөт.

Даун синдрому – ата-эненин жүрүм-турумунун жыйынтыгы эмес, аял кош бойлуу кезинде ооругандыгынан же дары-дармек ичкенден пайда болбойт. Даун синдромундагы бала бардык үй бүлөдө төрөлүшү мүмкүн. (SDz)

XS
SM
MD
LG