Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 16:49

Премьер-министр коалициялык көпчүлүккө маалымат берет


Темир Сариев

Премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн жыйынына катышат. Бул тууралуу бүгүн КСДП фракциясынын отурумунда маалым болду.

14-мартка белгиленген коалициялык жыйында өкмөт башчы депутаттардын суроолоруна жооп берип, өкмөттүн акыркы иштери боюнча маалымат берет.

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк төрт - КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Мекен” фракцияларынан куралган. (SDz)

XS
SM
MD
LG