Бул тууралуу Каракол шаардык милициясынын жетекчисинин орун басары Улан Асанбаев "Азаттыкка" билдирди. Милициянын ыкчам иш аракетинин натыйжасында буга чейин шаарда уурулук кылып келген Ак-Суу районунун Теплоключенко айылынын 30 жаштагы тургуну Виктор Кармилов 8-март күнү кармалган. Ал өткөн жылдын ноябрь айынан бери 12 батирди тоногонун моюнга алган. Жалпысынан келтирген зыяны 1 миллион сомду түзгөн.
Азыркы тапта ал убактылуу кармоочу жайга кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Каракол шаарында батирлерди тоноо күч алгандыктан январь айынан баштап шаардык милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн.(AsM)