Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:14

Келдибеков өзүнө коюлган айыптарды четке какты


 Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

Бишкек шаардык сотунда бүгүн Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун иши каралып жатат. Акыркы сөз берилген Келдибековага коюлуп жаткан айып менен макул эместигин айтып, прокуратура ушак жана такталбаган маалыматтын негизинде тергөө жүргүзгөнүн белгиледи.

Сот процессиндеги “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, бүгүн шаардык соттун өкүмү чыгышы күтүлүүдө.

Мамлекеттик айыптоочу Жогорку Кеңештин мурунку төрагасынын үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.

Акматбек Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан пайдалануу боюнча айыпталууда. Биринчи Май райондук соту аны коррупция боюнча актап, ал эми Жогорку Кеңештин Москвада өкүлчүлүгүн ачуу боюнча 3 млн сом айып пул салган. (SDz)

XS
SM
MD
LG