Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Бишкек шаардык соту Келдибековду 10 миллион сом айыпка жыкты


Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

Бишкек шаардык соту экс-спикер Акматбек Келдибековдун иши боюнча өкүм чыгарып, ага 10 миллион сом айыппул салды.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту Келдибековду жемкорлук боюнча актап, ал эми Жогорку Кеңештин Москвада өкүлчүлүгүн ачуу боюнча 3 миллион сом айыппулга жыккан. Шаардык сот Келдибековду эки иш боюнча күнөөлүү деп таап, алардын ар бирине 5 миллион сомдон айыппул төлөөгө милдеттендирди.

Акматбек Келдибековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров соттун чечими саясый буйрутма болгонун “Азаттыкка” айтып, өкүмдү жокко чыгаруу боюнча Жогорку сотко көзөмөл арыз менен кайрыларын билдирди.

Мамлекеттик айыптоочулар Жогорку Кеңештин мурунку төрагасынын үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну соттон суранган болчу. (SDz)

XS
SM
MD
LG